“КЕЧИРИҢИЗ”
Жаралгансып бир сизден бул ааламым,
Жан дүйнөмдө жазыксыз убарамын.
Үңүлгөнүм телефон… Жалгыз бөлмө,
Үмүт берип чалбаңыз, суранамын?
Бычактан курч болсо да өтүмүңүз,
Бүгүн баарын унутуп, өчүрүңүз.
Кур кыялды ээрчиген акылсызмын,
Кудай үчүн, анымды кечириңиз?
Кезигүүбүз тагдырдан белек эле,
Көңүлдөгү көп ойлор себеп эле.
Бүт ааламым сиз болуп турсаңыз да,
Бирок, сизди сүйбөшүм керек эле.
Кол жетпеген алыссыз башка жандай,
Коомайланам, боло албай башкалардай.
Капилеттен жолуксам качып жөнөйм,
Калбайын деп сезимим башкаралбай.
Ашык жанга баардыгы сулуу тура,
Арбалганда арзуунун кулу тура.
Эми тилейм, Кудайдан сизди эстебей,
Эрким жетсе экен деп унутуугa.
Күндө тилейм, Кудайдан сизди эстебей,
Күчүм жетсе экен деп унутууга…
ЭРТЕӉ КЕЧ…
Күүлөндүм, обон сыӊар чертилбедим,
Күтүүнү түнөк кылган мейкиндемин.
Эртеӊ кеч! Сени мүмкүн сүйбөй калам,
Эгерде билсеӊ, бүгүн эркиӊдемин.
Сыр кылам, сыпатыӊды жазганымда,
Сызылып карегимден жаш тамууда.
Азыр сен, «сүйөт»- дейсиӊ түбөлүккө,
А бирок, эртеӊ балким, башкамын да...
Ызадан ыйлап, өӊдөн азбай анан,
Ырларды арнап сага жазбай калам.
Бактылуу кылып, сенче сүйбөсөм да,
Башкага көктөмдөгөн “жазга” айланам.
Анда кеч, апкаарыса гүл жүрөгүм,
Айгине, билем дайым сүрдүгөөрүм.
Өмүргө башымды ийип акырындан,
Өзүӊдү унутууга үлгүрөөрмүн...
Күү болдум. Обонуӊда чертилбедим.
Кусалык ээлеп алган мейкиндемин.
Эртеӊ кеч! Балким, сени сүйбөй калам,
Эгерде билсеӊ, азыр эркиӊдемин.
Эгерде сезсеӊ бүгүн эркиӊдемин…
АЛДАСТОО
Телефон күйүп-өчөт жаны тынбай,
Телмирем, алсамбы же албасамбы?
Чамасы, эми сизден үмүт кылбай,
“Чалыпсыз, укпадым”-деп алдасамбы?
Шылтоолойм, айтылчудай бир кызык кеп,
Шыбырың эстеп көздөн жаш тамат да.
“Сагындым”- дээрсиз анан, жүрөк “зырп” деп
Санаалар, кайра баштан башталат да...
Кайра эле, кооз сөздөрдү арнасаңыз,
Капарга кирбей эч бир арман деген.
Алданам! Андан көрө чалбасаңыз,
Аргасыз, унуткансып калган элем...
Үзүлбөй обон коштоп, чырылдаса,
Узактан сезем айтаар оюңузду.
Алалбай турам... Үнүм угулбаса,
А сиз да, “уккан жок” деп коюңузчу?
Тирмийип, бир орунда катып жылбай,
Тигилип карайм, улап санга-санды.
Телефон күйүп-өчөт жаны тынбай,
Телмирем, алсамбы же...?
Албасамбы?
БИР КАДАМ
Чекит койсом, алмаштырам үтүргө,
Чегингеним алсыздык деп түшүнбө?
Кусалыкты жеңе албай аргасыз,
Кулачудай турам сүйүү мизинде.
Алыстоого далалатым майнапсыз,
Абалым оор, маанайым да айлап суз.
Себеп издеп жолугууга умтултуп,
Сезимимди үмүт менен байлапсыз.
Санаа кыйнайт көңүлүмдө ырбаган,
Сагынычтын бүтпөс муңун ырдаган.
Сизге азыр жүгүрмөкмүн сабалап,
Сиз мен жакка таштасаңыз бир кадам...
Сиз тарапка чуркайынчы талпынып,
Сиз да мага таштаңызчы бир кадам?
0770…
Бүлгүн түшүп оюмдун чачылганын,
Билем... Билем, кандай оор жашырганым.
Сенден узап баратам көз жаш менен,
Себеби ошол сезимим, азыр дагы...
Толтурчудай, бакытка көңүлүмдү,
Тымызын эх, сагындым коңур үндү.
Канча тааныш болсо да колдорума,
Калтыраймын тере албай номуруңду.
Уйкум качып тунку саат 12де,
Ушул терген сандарды жок эми де?
«Небак өчүк абонент” деп айтса экен,
0770… номеринде.
Чалсам, үнүң уксамчы кенебеген,
Сынасаңчы… Анда не демек элем..?
Ушул күздөй салкын, суз болсоң дагы,
Ушул маалда сен мага керек элең.
Ушул кезде сен гана керек элең...
КАЛИЧА ЖАКЫПОВА